Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Карааны көрүнөрлүк, көзгө илешерлик абалда болуу, ошончолук деңгээлде жакындап баруу. Калмактардын артынан Кетип барат караандап («Эр Табылды»). Сен учканда карап туш-туш, Санаа жетпей, Шамал жетпей, караандабай шумкар куш (Осмонов). 2. Айрым белгилери боюнча окшош, түспөлдөш келүү, жакындашуу, туура келүү. Биздин мектептин имараты силердин мектепке караандабайт экен да («Жаш ленинчи»). 3. Караан тутуу, баш калкалоо. Суукка үшүп уча албай, Караандап торгой келди эми («Олжобай менен Кишимжан»). Келатыпсың, кулунум? Эр Манасты караандап («Эр Табылды»).